Төрага Дастанбек Жумабеков баштаган депутаттар тобу Алай районундагы бир катар социалдык объектилерди кыдырып чыкты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма-сөз кызматы билдирди.

Алгач депутаттар Ленин айыл өкмөтүндөгү жаңы курулган бала бакчага барды. Курулуш дээрлик 95 % бүткөн. 60 орундуу балдар бакчасын  айыл өкмөтү өз күчү менен 17млн сомго курган. Бакчага керектүү эмеректер, буюмдарды сатып алууга акча каражаты жетишсиз болуп жатканын, дагы 1.5 млн сом керектелерин, буга бюджеттен жардам керек экенин жергиликтүү бийлик өкүлдөрү билдиришти. Маселе менен таанышкан төрага сентябрда бул бакча балдарды кабыл алуусу керектигин айтып,   тийиштүү тараптарга  каражат таап берүүсүн тапшырды. Төрага өз фондунан 100000сом бөлдүрүп, салым кошорун билдирди.

Андан соң эл өкүлдөрү Жошолу айыл аймагындагы курулуп жаткан спорт комплекси менен таанышты. Наркы 14млн сомдук спорт комплексинин 5.8млн сому каржыланган. Жергиликтүү эл калган каражатты да эртелетип бөлдүрүп берүүгө жардам сурашууда. “Эгер сентябрь айында бюджетке өзгөртүү киргизип, каржы булагы табылып калса, бул курулушту эске алабыз. Мартта башталган спорт комплексинин экинчи кабаты бүтүптүр. Анын үстүн жаап коюш керек”,-деп жооп берди төрага.

Алайга болгон иш сапарда эл өкүлдөрү өзгөчө кырдаалдарды жараткан маселелерге да көңүл бурду. Гүлчө айылындагы дарыя суусу жыл сайын ташкындап үйлөрдү каптап кетүү коркунучу пайда болгон. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлү билдиргендей авариялык участокко дамба куруу үчүн 3.8млн сомго сметасы түзүлгөн.  Спикер бул маселе да көңүл сыртында калбай турганын белгиледи.

Төрага баштаган депутаттар Алай аймактык ооруканасында “Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү” жылына карата аткарылган иштер менен таанышты. Ошондой эле төрага Гүлчө айылындагы мектеп-интернаттын жатаканасындагы жүрүп жаткан ремонт иштерин көрдү.

Эл өкүлдөрү Улуу жибек жолундагы Алай ханышасы Курманжан датканын музейинин абалын да көрө кетти. Музейдин чатырынан суу тамгандыктан, аны алмаштыруу зарыл. Таыхый жайдын үстүн жаңылоо үчүн демөөрчү табуу керектигин спикер белгиледи.

Социалдык обьекттерди карап чыккан соң,   депутаттар Алай эли менен жолугуп, алардын маселелерин өздөрүнөн угуп, түйшөлткөн суроолоруна жооп берди. Алайлыктар көп кырдуу көйгөйлөрдү көтөрдү. Жергиликтүү тургундар малдын териси таштандыга ыргытылып жатканына зээни кейип, булгаары иштетүүчү завод курууга көмөк сурашты.  Бул региондогу эң маанилүү маселе экенин белгилеп, төрага ишкерлерди ушул багытта иштөөгө чакырып, азыркы учурда ишкерлер коомчулугу мамлекеттик колдоого ээ болуп турганын   билдирди. Гүлчө айылынын интеллигенция өкүлдөрү болсо, пенсия чегерүүдө адилеттик болбой жатканын айтып даттанды. Маселен,  эч жерде иштебеген киши  өмүр бою мектепте мугалим болуп иштегендерден көбүрөөк өлчөмдө пенсияга чыкканына нааразылык билдирди.

Алай тургундары өздөрүн түйшөлүп келген суроолорун оозеки да, кат жүзүндө да берип жооп алышты. Төрага өз сөзүндө элдин коюп жаткан талаптары өлкөдө саясий стабилдүүлүк болсо ылдамыраак жүзөгө ашырылат деди.  Бүгүнкү күндө чагымчыл күчтөр пайда болуп, элдин башын айлантып жатканын айткан спикер, аларга көңүл бурбоого чакырды. Белгилей кетсек, төрага Дастанбек Жумабеков, эл өкүлдөрү Улан Примов, Өмүрбек Бакиров жана минстрлик-мекемелердин өкүлдөрү Алай районунун тургундарынын маселелерин угуп, чечүү жолдорун талкуулашты.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: