Бишкек шаарында 29 жаштагы Исабек уулу Саид бир айдан бери изделүүдө. Шаардык милициядан кабарлагандай,  6-июль күнү Ленин райондук милициясына И.Н. аттуу жаран кайрылып анын 1991-жылы туулган 1-топтогу майып уулун табып берүүнү суранган.

Исабек уулу Саид 6-июлда Фучик көчөсүндөгү үйүнөн саат 14:00дөр чамасында чыгып кеткен бойдон дайынсыз болууда.

Өзгөчө белгилери: бою 155см, чачы кыска кара, орто бойлуу дене түзүлүштө. Боз футболка, көк чакмак кыска шым, кочкул күрөң түстөгү бут кийимде болгон.

Оң буту сылтып басат, майыптыгын аныктаган белгилери көрүнүп турат.

Исабек уулу Саидди көргөн-билгендер болсо төмөндөгү номерлер аркылуу кабарлап коюну өтүнүшөт:  0312 35 26 05, 0553 102 465, 0703 40 16 00, 0705 45 05 53, 0553 102 880 и 102.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: