Кочкордо унаа карагайды сүзүп, 2 адам жабыркады

90

Нарын облусунун Кочкор районунда жол кырсыгы катталды.  Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлагандай Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунунун 185-чакырымында “Ауди-100” унаасынын айдоочусу рулду башкара албай калып, жол четиндеги электр карагайын сүзгөн.

Кырсыктын кесепетинен 2014-жылкы Т. кызы Х., жана 1960-жылкы А.С., аттуу эки адам жабыркаган. Жерине барган куткаруучулар жабыркагандарды унаадан чыгарып, тез жардам кызматынын кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь