«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКга жаңы башкы директор дайындалды

75

«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКга Эмил Куданалиев башкы директор болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган компания билдирди.

Куданалиев буга чейин аталган компаниянын башчысынын биринчи орун басары болуп келген. Ал директорлор кеңешинин чечимине ылайык 31-июлда жаңы кызматка дайындалды.

Эмил Куданалиев 1994-жылы Кыргыз техникалык университетинде «Электрдик станциялар» адистигин алып чыккан. Анын бул тармакта иштегенине 25 жыл болду.

Мурунку башкы директору Медетбек Айткулов өз ыктыяры менен арыз жазып кызматтан кеткен болчу.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь