Кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо иштеринин 92 пайызы аяктады

Учурда кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо иштеринин 92 пайызы аяктады. Мындай пикирди вице-премьер-министр Жеңиш Разаков маалымат каражаттарына бүгүн билдирди.

Разаковдун айтымына караганда, чек ара сызыгынын 85 пайызы 2017-жылы макулдашылып, келишимге кол коюлган. Андан бери болжол менен дагы 8 пайыз макулдашылды.

«азыркы күндө макулдашылбаган 10го жакын аймак бар. Анын басымдуу бөлүгү Жалал-Абад облусунда. Бул боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Жер аянттарын айырбаштоону караган жокпуз»,- деди Жеңиш Разаков.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь