Бирөөнүн унаасын айдап качып кеткен уурулукка шектүү балдар кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициянын басма сөз кызматы билдирди.

29-июль күнү Октябрь райондук милицияга Б.К. аттуу шаар тургуну кайрылып, 29-июлга караган түнү болжол менен саат 02:00дө “Кара-Жыгач” тарапта белгисиз бирөөлөр “Фольксваген Гольф-3” унаасын айдап кеткенин билдирген.

Бул окуя Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестринде 206-берене боюнча каттоого алынган.

Бул ишке шектүү катары 2001-жылы туулган С.Ж. жана Т.С. аттуу балдар кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: