NewTV жана NUR TV телеканалдарынын жетекчилери УКМКга чакырылды

145

“New TV” жана “NUR TV” телеканалдарынын жетекчилерине УКМК расмий эскертүү берди. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.

“New TV” ТРКнын башкы директору Шакиев Нурланбек Тургунбекович жана “NUR TV” башкы директору Келдибеков Бекболот Ахматбекович УКМКга чакырылып, аларга түшүндүрүү маеги өттү.

Коомдо тирешүүгө алып келе турган чагымчыл мүнөздөгү видеоматериалдарды тараткандыгы үчүн УКМК аталган телеканалдардын жетекчилерине расмий эскертүү берди.

Н.Шакиев жана Б.Келдибеков телерадиокомпаниянын атынан мындан ары мындай иш аракеттердин кайталанбастыгына милдеттенме алышты.

Эске салсак, 30-июль күнү “NewTV” жана “NUR TV телеканалдарында мурдагы президент Курманбек Бакиедин туулган күнүнө карата аны жактаган куттуктоо тасмалары көрсөтүлгөн.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь