Башкы прокуратура: Атамбаев суракка келбей мыйзамды түздөн-түз бузуп жатат

99

Башкы прокуратура мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча бере турчу көрсөтмөсү тергөө үчүн абдан маанилүү экенин белгиледи. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, ИИМ Атамбаевди аталган кылмыш иши боюнча үч ирет суракка чакырган, бирок Атамбаев азыркы бийлик мыйзам талаасына түшмөйүнчө суракка барбай турганын айткан. Ал ошондой эле тергөө менен компромисске барып, кызматташууга даяр экенин, бирок тергөөчүлөрдүн суроолоруна кат түрүндө жооп берүүгө макулдугун билдирген.

“Атамбаевдин жана анын өкүлүнүн жаралган маселеде тергөө органдары менен компромисске келүү сунушу учурда иштеп жаткан кылмыш-процессуалдык мыйзамды түздөн-түз бузууга жатат”, — деп айтылат маалыматта.

Башкы прокуратуранын тараткан маалыматында суракка алынган башка аткаминерлер “Атамбаев окуя тууралуу кенен билет” деп көрсөтмө беришкени жазылат. Андыктан анын көрсөтмөсү абдан маанилүү. Сотко чейинки тергөө иштеринин бардыгы Кыргызстандын Конституциясына жана кылмыш-процессуалдык мыйзамдарына туура келет. Конституциялык палатага кайрылуу тергөө амалдарынын токтоп калышын шарттабайт.

Мындан улам башкы көзөмөл орган мурунку президенттин келип суроолорго жооп берүүсү максатка ылайык деп эсептей турганын билдирди.

Булак: Sputnik.kg

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь