Кыргызстандык 2 жаран Казакстандын Кызыл-Ордо облусунда катталган жол кырсыгында каза болду. Маалыматка караганда, кырсык кечээ Батыш Европа-Батыш Кытай жолунда катталган. Анда жеңил унаа менен жүк ташуучу унаа кагышкан.

24.kz агенттиги жазгандай окуя болгон жерден 4 адам мерт кетип, дагы бирөө жандандыруу бөлүмүнөн жан берген. Каза болгондордун экөө кыргызстандыктар болсо, үч Кыргызстандын жараны оор абалда ооруканада жатат.

Sputnik Казакстан билдиргендей, Мersedes үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаасы “Оазис” туристтик комплексинен чыгып бара жатып, Кыргызстандын сегиз жараны бара жаткан Тоуота унаасын өткөрбөй койгону айтылат. Жүк ташуучу унаанын рулунда Казакстандын жараны болгон, ал жабыркаган эмес.

Бүгүнкү күнү оор жүк ташуучу унаанын айдоочусуна кылмыш иши козголду.

Элчиликтен Кыргызстандын ӨКМи сөөктөрдү мекенге алып келүү үчүн транспорт каражатын бөлүп бергенин маалымдашты.

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: