Курман айт 11-августта белгиленет

96

Кыргызстанда Курман айт 11-августта белгиленет. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматта 2-август Зул Хижжа айынын биринчи күнү болгондуктан кыргызстандыктар улуу Курман айт майрамын 11-августта белгилешет деп айтылат.

Буга байланыштуу кыргызстандыктар 3 күн катары менен эс алышат. Курман айт майрамы 11-август жекшемби күнгө туура келгендиктен 12-август дүйшөмбү күнү дем алыш болот. Ошондо ишемби, жекшемби, дүйшөмбү катары менен иш күн эмес. 

Мусулмандардын эң чоң майрамдарынын бири Курман айт Орозо бүткөндөн кийин 70 күндөн кийин болот. Ай календарына ылайык, жыл сайын 10 күн айырма менен белгиленет. Майрамдын аталышы араб тилинен которгондо “курмандык чалуу майрамы” дегенди билдирет. Бул майрамда мусулмандар кой, уй же төөнү союшуп, дасторкон даярдашып, бири-бирин коноктошот.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь