Нарын облусунун Кочкор районунда 40 жаштагы жаран 19 жаштагы кызды зордуктоого аракет кылган деп шектелүүдө. Бул тууралуу Нарын ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Берилген маалыматка караганда, окуя 1-августка караган түнү саат 01:23 чамасында болгон.

“Кочкор районунун Семиз-Бел айылынын тургуну арыз менен райондук ички иштер бөлүмүнө кайрылган. Жабырлануучу 19 жаштагы Т.к.Н. аттуу кызын 40 жаштагы К.у.А. аттуу жаран зордуктайм деп жаткан убакта бөлмөгө кирип, аны сүйрөп чыкканын айткан. Шектүү качып кетти деп маалымат берген. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тийиштүү медициналык экспертизалар дайындалган. Экспертизанын жыйынтыгы менен окуяга юридикалык баа берилет”,  деп жазылат билдирүүдө.

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: