Мамлекеттик каттоо кызматынын мурунку жетекчиси Алина Шаикова 5-августка чейин УКМКга сурак берүүгө келбесе ага издөө жарыяланат. Бул маалыматты бүгүн УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, УКМКнын Тергөө башкы башкармалыгы жаңы муун паспортторун даярдоо боюнча кызматты сатып алуудагы коррупция факты боюнча Мамлекеттик каттоо кызматынын, «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын, Финансы министрлигинин алдындагы Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин кызматкерлерине карата козголгон кылмыш иш боюнча тергөө иштерин жүргүзүп жатат. Кылмыш иштин фигуранттарынын бири — Мамлекеттик каттоо кызматынын мурунку төрайымы Алина Шаикова.

УКМК Шаикованын жактоочусу аркылуу бир нече жолу суракка чакыруу жөнөткөн.

“Мамлекеттик каттоо кызматынын мурунку жетекчиси Алина Шаикова 5-августка чейин суракка жана башка тергөө иштерин жүргүзүүгө келбесе, Жазык-процесстик кодекстеги 239-берененин (шектелүүчүнү, айыпталуучуну издөө) негизинде Шаиковага издөө жарыяланат”, – деп жазылат маалыматта.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: