Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы төрайымы Алина Шаиковага издөө жарыяланды. Бул тууралуу бүгүн УКМКнын басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы паспорт даярдоо боюнча тендерге байланыштуу иликтөө жүргүзүп жатат. Шаикова жактоочусу аркылуу бир канча жолу суракка чакыртылган. Бирок ал келген жок. 5-августка чейин Шаикова суракка келбесе ага издөө жарыялана турганы айтылган. 

Эске салсак, УКМК Мамлекеттик каттоо кызматы биометрикалык паспортко өткөргөн тендер боюнча ишти тергеп жатат. Атайын кызматтын маалыматында, МКК башчылары Garsu Pasaulis ишканасынын кызыкчылыгын коргогон. Жыйынтыгында компания кызматын атаандаштарынан 253 млн сом кымбатка сунуштаганына карабай, жеңүүчү деп табылган.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: