Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев Евразия Экономикалык Биримдигинин өкмөт аралык кеңешине катышат. Бул тууралуу орус өкмөтүнүн сайтында маалымдалат.
Берилген маалыматтарга караганда, аталган жолугушуу 9-августта Чолпон-Ата шаарында өтүп, анын алкагында актуалдуу маселелер талкууга алынат. Андан тышкары, санарип экономика жана өндүрүш тууралуу темалар күн тартибине коюлат.