Кыргызстан менен Корея ирригация тутумдарын өнүктүрүү чөйрөсүндө кызматташат

190

Кыргызстан Корей мамлекети менен заманбап смарт-технологияларды колдонуу менен тазалоо курулмалары тутумун, ирригация тутумдарын өнүктүрүү чөйрөсүндө кызматташат.

Мындай талкуу Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов «К-water» корей компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуусунда айтылды.

Эки тарап “Ысык-Көл” Эл аралык экономикалык форумунун алкагында жолугушкан.

Ошондой эле, аталган компания өлкөлөр ортосунда маалыматтык технологиялар жаатында адистерди окутуу жана заманбап маалыматтык технологияларды киргизүү мүмкүндүгү менен тажрыйба алмашууну сунуштады.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь