Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Ленин чокусунда жоголгон альпинисттин сөөгү 6200 метр бийиктиктен табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, эс алганы келген 1974-жылкы И.И., аттуу россиялык жаран 27-июль күнү Ленин чокусунан түшүп жатып дайынсыз жоголгон. Акыркы жолу саат 18:40та байланышка чыккан, ошол бойдон кайра байланышка чыккан эмес.

4-август күнү издөө иштерине ӨКМден 10 куткаруучу тартылган. Андан тышкары, Ак-Сай-Тревел туристтик компаниясынан 6 альпинист тартылып, алар 6200 метр бийиктиктен маркумдун сөөгүн табышкан. Бүгүн саат 09:00дө альпинисттин жансыз денесин базалык лагерге (3800м) алып түшүп келе жатышат.

Белгилей кетсек, орусиялык альпинист 27-июлдан бери изделип жаткан.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: