Өзбекстанда президент Шавкат Мирзиёев «Жаслык» түрмөсүн жабуу тууралуу буйрук чыгарды. Ага ылайык, атайын комиссия түзүлүп, түрмөдөгүлөрдү башка жакка которуу иштери башталды. Бул тууралуу айрым маалымат булактары жазып чыкты.

Маалыматка караганда, Өзбекстандын курамындагы Каракалпакстан автономиялуу республикасындагы шарты катаал «Жаслык» түрмөсү 1999-жылы Советтер Союзунун тушунда химиялык курал сыналган жайдын ордуна ачылган. Анда негизинен диний экстремизм боюнча соттолгон адамдар кармалып келген.

Түрмө ириде аёосуз кыйноого, адам өлүмү менен аяктаган кейиштүү окуяларга байланыштуу атагы чыккан жана эл арасында «барса келбес» деген атка да конгон.

Бир катар эл аралык укук коргоо уюмдары жаманатты болгон «Жаслык» түрмөсүнүн жабылып жатканын кубатташты.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: