Бишкектеги дээрлик бардык маршруткаларга жана автобустарга видеокамера орнотулду. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматы кабарлайт.

“Жаңы окуу жылына даярдыктар башталды. Тиешелүү бөлүмдөр күчөтүлгөн тартипте иш алып барып, анын ичинде шаардык транспорт башкармалыгы дагы бар. Быйыл 160 миңдей окуучу жана 105 миң студент окууга барат “,- деп маалымдалат.

Эл ташуучу менчик фирмалардын башчыларына маршрутка жана автобустун айдоочуларын дыкат көзөмөлгө алып, тартипти күчөтүү иштери түшүндүрулдү.

“Коомдук транспорттордо чөнтөк уурулары азайбай эле, ошондуктан жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун күчөтүү керек. Эми муниципалдык жаңы автобустардын салондорунда жана 80% маршруткаларда видеокөзөмөл орнотулду “,-деп кошумчалады Бишкек мэриясынан.

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: