Сибирдеги курал сакталган кампадагы жарылуу токтоду. Красноярск крайынын губернатору 6-августта билдиргендей, Ачин районундагы курал кампасындагы жарылуудан бир киши дайынсыз болуп, алты киши ооруканада жатат.

Аталган аймактагы курал кампада жарылуу 5-августта башталган. Жергиликтүү бийлик билдиргендей, өрттөн алты киши жабыркап, анын алтоо ооруканага жаткырылган. Ал эми кампага жакын жайгашкан айылдардын эли жана жоокерлер болуп, жалпысынан 10 миңдей киши коопсуз жайга көчүрүлгөн.

Ачиндин башчысы Илай Ахметов элди азырынча үйлөрүнө келбей турууга үндөп, кампада дагы жарылуу болушу мүмкүн эскертти.

Орусиянын Красноярск крайындагы аскердик кампада артиллериялык курал-жарактар – 40 миңдей снаряд менен ок-дары сакталчу.

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: