Орусиянын Красноярск крайындагы Ачин районунда ок-дары сакталган кампа жарылууда.

Каменка кыштагында жайгашкан кампада артиллериялык курал-жарактар – миналар менен ок-дарылар сакталчу. «РИА Новости» агенттиги 40 миң снаряд тууралуу билдирүүдө.

Башка басылмалар Каменка кыштагы менен кампадан 20 чакырым аралыктагы үч пункттун жашоочулары эвакуациялана баштаганын кабарлап жатышат. Расмий билдирүү жарыялана элек.

«Азаттыктын» орус кызматына жергиликтүү жашоочулар жөнөткөн видеодо асманга көтөрүлгөн түтүн менен жарылууну көрүүгө болот.

ТАСС эки адам ооруканага түшкөнүн билдирди.

Красноярск крайында Ачин-Назарово трассасы жабылды.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: