Ноокат районунун Көк-Жар айыл өкмөтүнүн имаратынан өрт чыкты. Бул тууралуу айыл өкмөткө таянып “Турмуш” басылмасы жазды.
Маалым болгондой, 6-августта саат 15:10дөр чамасында орулган кургак чөптөн өрт тутанган. Өрт чөпкө ыргытылган тамекинин калдыгынан тутанганы айтылууда. Өрттөнгөн жер айыл өкмөттүн унаа токтотуучу жайы болгон.
Кырсыктан жабыркагандар жок.