Бүгүн 6-августта Бостери айылында көлдө эс алып жүргөн 12 жаштагы бала кырсыктап каза тапты. Ал «банандан» сууга кулаганда, чукул бурулган катердин моторуна башы менен тийген. Маркум өспүрүм көлгө ата-энеси менен чогуу эс алууга келген.
Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда кечээ 5-августта Чолпон-Ата аймактык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген бала ошол жерден жан берген.
Окуя боюнча Мамлекеттик экологиялык техникалык инспекция иликтөө иштерин жүргүзүүдө. Анын жыйынтыгы менен укук коргоо органдары чара көрмөкчү.