Эми кайырчылык кылам дегендер уруксат кагазын сатып алышат

Швециянын Эскильстуна шаар башкармалыгы кайырчыларга карата жаңы мыйзамды ишке киргизди. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыкты.

Чыккан маалыматка ылайык, эми кайырчылык кылам дегендер шаар башкармалыгынан акчага уруксат кагазын алышат. Үч айлык кайырчылык “иштин” уруксат кагазы 26 долларга берилет. Ал кагаз полиция бөлүмүнөн паспорттун негизинде берилет. Уруксат кагазы жок кайыр сурагандарга 416 доллар айып салынат.

“Буга чейин шаар полициясы 8 кайырчыга уруксат кагазын берип, үчөөнө жаңы мыйзамды сактоо боюнча эскертүү берген. Мындай төлөмдөрдөн качуу үчүн кээ бир кайырчылар жумуртка сатып отургандай түр көрсөтө башташкан”, – деп жазылат билдирүүдө.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь