Эртеңден баштап Чүйдө милициянын көчмө пункту иштейт

Эртең Сокулук районундагы Орок менен Жаңы-Жер айылдарында милициянын көчмө пункту иштей баштайт. Бул тууралуу Чүй ОИИББдан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, көчмө пункттун курамында ИИМ жетекчилиги, Чүй ОИИББнын башчылары жана башка тийиштүү кызматкерлер болот. Ал эми жергиликтүү тургундар аларга көйгөйлүү суроолорун берип, жооп ала алат.

“Көчмө пункт Орок айылында 7-августта саат 10:00дөн 12:00гө чейин, Жаңы-Жерде саат 14:00дөн 16:00гө чейин кызмат кылат”, – деп жазылат билдирүүдө.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь