Ош шаардык сотунда Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповдун өлүмү боюнча кылмыш ишин кароо уланууда. Айыпталуучу Мелис Калыков кечээ ачкачылык жарыялаган. Бул тууралуу 24.kg агенттигине анын эжеси Дамира Калыкова билдирген.

Анын айтымында, ачкачылык акциясы -милиция, прокурор жана соттун зулумдугуна каршы багытталган. Дамира Калыкованын билдирүүсүндө, сотто төрагалык кылган Жолборс Кудаяров акыркы отурумда сот залынан айыпталуучунун бардык жактоочуларын, журналисттерди жана Мелис Калыковдун тарапташташтарын чыгарып салган.

Айыпталуучунун жакындары акыйкатчыдан бул ишке аралашып, зулумдукту токтотууну суранышат.

Эске салсак, Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыпов 18-ноябрга караган түнү киши колдуу болуп өлтүрүлгөн.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: