Зилалиев үй-бүлөсүнө карата ачылган кылмыш иштери боюнча эмне дейт? (видео)

143

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин үй-бүлөсүнө карата Латвияда кылмыш иши козголгондугун билдирген. Бүгүн, 7-августта Биринчи май райондук сотунда Зилалиев бул иш боюнча журналисттерге жооп берүүгө үлгүрдү.

Анын айтымында, балдары Латвияда билим алышат. Бирок УКМК белгилеген чоң сумма эмес 5-6 миң же 14 миң доллардай каражат бөлгөнүн билдирди.

Белгилей кетсек, Дүйшөнбек Зилалиев 2018-жылдын 8-декабрында камакка алынып, азыр УКМКнын Тергөө абагында кармалып турат.

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Зилалиевге 2010-2017-жылдары мамлекеттик органдарда жетекчилик кызматты ээлеп турганда өзү иштеп тапкан каражаттан ашык суммага мүлк сатып алганы үчүн «Мыйзамсыз баюу» беренесинин негизинде кылмыш ишин козгогон.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь