Бүгүнкү күндө Нарын облусунда абал туруктуу, эч кандай жол жабуу болгон жок. Бул тууралуу Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, коомдук коопсуздукту Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери көзөмөлдөп жатат. Белгилей кетсек, чогулган эл талаптар аткарылганга чейин Нарын районундагы Кара-Чий айылында жолдун боюна жыйналып, тиешелүү жыйынтык чыкканга чейин ошол жерде болоорун айтышты.

Солтон-Сары кениндеги «Zhong Ji Mining Company» тоо-кен компаниясынын ишин токтотуу талабы менен чогулган элдин жүйөлөрүн угуп, бул маселени жеринде чечүү үчүн биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов, Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов жана тиешелүү кызматтын өкүлдөрү аталган аймакка барышкан.

Эки тараптуу сүйлөшүүдөн соң, талаптар угулуп, компания бир ай (териштирүү иштери бүткөнгө чейин) ишмердүүлүгүн токтотту.

Эскерте кетсек, Нарындын Солтон-Сары алтын кенин иштетип жаткан кытайлык «Zhong ji Mining» компаниясына нааразы болгон жарандар тобу 5-августта ишти токтотууну талап кылышкан.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: