Жалал-Абад облусунун Сузак районунда өспүрүм кыздардын оронгону абдан көбөйүп кетти. Мындай пикирди интернет колдонуучу жазып, сүрөттөрдү чыгарды.

“Сузак өзүнчө эле араб өлкөлөрүнүн биринин кейпин кийгендей сезилет. Он адамдын арасында сегизи оронгондор. Айрыкча жашы жете элек, мектеп курагындагы балдардын чүмкөнгөндүгү күч алды. Медреселер көбөйдү. Ал жакта ким кандай тарбия, үгүт берип жаткандыгынан жергиликтүү бийлик кабардарбы? Светтик өлкөдө жашап жаткандыгыбыздан маалыматы барбы? Мектептен мечиттин саны көп. Ушул оронгон балдар мектепке барышабы же убактыларынын баарын медреседен билим алууга коротобу?”-деген билдирүү калтырып, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө кайрылган.

Ал эми Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова “Элдик Медиага” маек берип жатып, мектепке оронуп барган өспүрүм кыздарга эч кандай тыюу сала алышпастарын айтты.

“Министрлик эч кандай чектөө койо албайт. Бирок биз кабыл алган бирдиктүү мектеп формасын кийип келишсе жакшы болмок”-деп билдирген Жусупбекова.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: