Ош областынын Кара-Суу районунда Honda Fit үлгүсүндөгү унаа катуу ылдамдыкта келе жатып жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын инспекторун сүзүп кетти.

5-август күнү саат 22:20 чамасында Ош – Сары-Таш – Иркечтам унаа жолунда  Honda Fit унаасынын айдоочусу инспектордун токтотконуна баш ийбей, катуу ылдамдык менен келип милициянын старшинасы Б.А.ны сүзүп кеткен.

Сүзгөн айдоочу токтобостон Алай районун көздөй багыт алган. Учурда күч органдары ага издөө жарыялады.

Ал эми инспектор бүгүнкү күндө ооруканада. Анын абалы канааттандырарлык деп бааланууда.

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: