Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин жетекчисинин орун басары Арсен Рыспеков ээлеген кызматынан боштулду. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 2-августта кол койгон.
Рыспеков 2016-жылдан бери орун басарлык кызматта отурган.
Эске салсак, айлана чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин башчысы Абдыкалык Рустамов жана анын жардамчысы 30-июлда 2 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалган. Айрым маалымат булактарында Арсен Рыспековдун дагы жетекчиси Рустамовдун жашыруун иштерине байланышы болушу мүмкүн деп жазууда.