Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине Беларусь Республикасынын Элчилигинин Ыйгарым укуктуу элчиси С.Иванов чакыртылып, нота тапшырылды. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Элчилигинин ТИМге чакыртылышына Беларусь президенти Лукашенко КРнын качкын президенти Курманбек Бакиев менен жолугушуусу себеп болгон.

Жолугушууда ТИМ тарабынан нота тапшырылып, КРде кылмыш иши козголгон Бакиевди Беларусь президентинин кабыл алуусуна болгон нааразычылыктар айтылган.

Эске салсак, 6-августта өткөн жолугушууда Лукашенко Бакиевди 70 жашка чыгышы менен куттуктап, белек берген. Куттуктоодон кийин Лукашенко менен Бакиев актуалдуу суроолорду талкуулашканы кабарланган. Бирок эмне маселени сүйлөшкөнү айтылган эмес.

Курманбек Бакиев Кыргызстанды 2005-2010-жылдары башкарган. 2010-жылдын апрелинде элдик толкундоолордон кийин өлкөдөн качып кеткен бойдон үй-бүлөсү жана бир туугандары менен Беларустун борбору Минск шаарында жашайт. Сот тарабынан анын экс-президент макамы да алынган.

90 жакын адамдын өмүрүн алган апрель окуясы боюнча соттук жараяндын жыйынтыгында Курманбек Бакиев баш болгон 28 адамга айып тагылган. Курманбек Бакиевди 30 жыл, бир тууган иниси, Мамлекеттик күзөт кызматынын мурдагы башчысы Жаныш Бакиевди, ошол кездеги өкмөт башчы Данияр Үсөновду өмүр бою эркинен ажыратуу боюнча сыртынан өкүм чыккан.

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: