Кыргызстанда тартылган кыскаметраждуу “Шайлоо” тасмасы Лас-Вегаста өткөн кинофестивалда “Эң мыкты эл аралык тасма” деп табылды.
The News Fest аталышындагы кинофестивалында сыйлоо аземи 2-августта өткөн.
Тасманын режиссеру Медербек Жалилов, ал эми продюсери жана кинонун башкы каарманы Бектемир Мамаюсупов болду.
Жалиловдун айтымында, бул эл аралык фестивалда Норвегия, Болливуд, Парагвай жана Колумбиядан катышуучулар менен атаандашкан.