Жогорку Кеңештин депутаттары бүгүн болжол менен саат 14:00дө кезексиз жыйынга чогулат. Вице-спикер Аида Касымалиев өзүнүн твиттердеги баракчасына учурда 30 кол чогулганын жазды.

“Жетиштүү кол чогулду. Жыйын болжолдуу түрдө саат 14:00дө болот”, – деп жазган ал.

Ал эми депутат Дастан Бекешев Ак үйдө кесиптештери аз экендигин айтып, көпчүлүгү аймактарда болгондуктан Бишкекке чыгышты деп жазды.

Жогорку Кеңештин регламентинин 20-беренесинин 6-пунктуна ылайык, эл өкүлдөрүнүн үчтөн бир бөлүгүнүн колу менен кезексиз сессия чакырылат.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: