Кой-Таш айылында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин үйүндө атайын операция жүргүзүүдө каза болгон жоокер, УКМКнын “Альфа” атайын бөлүмүнүн командиринин орун басары Үсөн Ниязбеков болгон. Ал 46 жашта болчу. Бул тууралуу Бишкектеги травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун директорунун орун басары Бакыт Исаков билдиргенин “Кабар” маалымат агенттиги жазды.

Белгилей кетчү нерсе, буга чейин массалык маалымат каражаттарында каза болгон жоокер 22 жашта болгондугу кабарланган.

Маркумдун артында жубайы жана төрт баласы калды.

Улуттук коопсуздук органынын подполковниги Үсөнбек Ниязбеков 1972-жылы Ош областында туулган. “Альфа” кызматында 2000-жылдан тарта иштеп келген. “Эрдик” сыйлыгынын ээси. Жарым жылдан кийин пенсияга чыкмак.

Маркумдун төшүнө ок тийген. Ок анын жүрөгүн жана өпкөсүн тешип өткөн. Анын өпкөсүндө 3 литрге жакын кан толуп, операция жасоо учурунда жүрөгү токтоп калган”, – деп КТРКнын эфиринде Бишкектеги травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун директору Сабыр Жумабеков билдирген.

 

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: