Каза болгон спецназдын өлүмү жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин жаракат алышы боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды. Бул тууралуу ИИМ басма сөз кызматы кабарлады.

7-августта саат 20:42 чамасында Кой-Таштагы Атамбаевдин үйүндө УКМК жана милиция кызматкерлерине каршы курал колдонуу болгон. Анын натыйжасында эки спецназга ок тийип, алган жаратынан улам бири ооруканадан өзүнө келбей жан берген. Ал эми экинчиси оор абалда жандандыруу бөлүмүндө жатат.

Мындан тышкары милициянын бир кызматкери дагы жандандыруу бөлүмүндө. Анын абалы өтө оор деп бааланууда.

Жогоруда көрсөтүлгөн факт “Адам өлтүрүү” жана “Өлтүрүү үчүн кол салуу” беренелери менен кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: