Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын жетекчиси Самат Курманкулов комага түшүп, жасалма дем алдыруучу аппаратта жатат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматтарга караганда, Курманкулов мээси чайкалып, оор жаракат алган. Ага Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунда баш сөөктү тешүү (трепанация) жолу менен операция жасалып, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды. Анын абалы оор экендиги айтылат.

Айрым маалымат булактарында, Атамбаевдин тарапташтары милиция кызматкерлерине таш ыргытып жатканда Курманкуловдун башына тийгендиги жазылат.

Эске салсак, 7-августта кечинде Кой-Таш айылында Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция жүргүзүлдү. Анда ок атылып, жай тургундар менен атайын даярдыктагы аскерлер жаракат алган. Аскерлердин бири алган жаракатынан улам каза болгон. Саламаттык сактоо министрлигинин берген акыркы маалыматы боюнча ооруканада жаткандардын саны 48ге жетти.

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: