Шашылыш билдирүү! Бүгүн күн катуу ысыйт

73

Бүгүн, 8-августта Кыргызстанда абдан ысык аба-ырайы күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Абанын күндүзгү температурасы Чүй, Баткен, Ош, Жала-Абад облустарынын өрөөндөрүндө 38-40°ка чейин, Талас өрөөнүндө 36-38°ка чейин жогорулашы күтүлөт. Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Мындай кургак жана ченемден тышкары ысык аба ырайынын учурунда организмди күйгүзүп алуудан жана ысык өткөрүп алуудан сактануу үчүн күндүз күн ачык жерлерлерде көпкө жүрбөөгө, ошондой эле айыл чарба өсүмдүктөрүн кеңири сугаруу сунуш кылынат.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин тарабынан адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, 1-август күнү №02-34/701-Т телефонограммасы чыгарылып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилген. Ошондой эле ККББ тарабынан уюлдук операторлор аркылуу калкка СМС билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалымат жиберилген.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь