““Республика” партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов Бишкек шаарына учуп келүүнү чечти”,-деп билдирүү таратты “Республика” саясий партиясы.
Маалыматта өлкөдөгү акыркы оор абалга байланыштуу Кыргызстанга келе жаткандыгы айтылат.
” Абалдын курчушун биргеликте токтотуп, бардык кыймылдарды укук менен мыйзам талаасына бура алабыз деп ишенебиз. Биз Кыргызстаныбызды сактап калууга милдеттүүбүз! “,- деп жазылат партиянын билдирүүсүндө.
Бирок Бабанов качан келип коноору айтылган эмес.