Милиция кызматкерлери массалык башаламандыкка жол берген жок. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
ИИМден белгилешкендей, милиция кызматкерлери, түндө коомдук тартипти бузуп, жолду тосуп, бейбаштык кылып, Бишкектеги коомдук-саясий абалды туруксуздаштырууга аракет кылган А. Атамбаевдин тарапташтарын таратышкан.
“Буга байланыштуу милиция кызматкерлери А. Атамбаевдин тарапташтарын таратуу үчүн атайын каражаттарды колдонушкан”, – деп билдирет ИИМ.
ИИМ учурда борбор калаадагы кырдаалды туруксуздаштырууга аракет кылган уюштуруучуларды аныктоо жана кармоо боюнча иштер жүрүп жатканын белгилейт.
Шаардагы кырдаал толук бойдон милиция кызматкерлеринин көзөмөлүндө турат.