Спецназдарды барымтага алган шектүүлөр изделүүдө. Сүрөттөрү

81

Кой-Таш айылында УКМКнын кызматкерлерин барымтага алган факт “Барымтага алуу” беренеси менен сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

Чүй ОИИББнан билдиргендей, 7-августта “Альфанын” 6 спецназын туткундап алган адамдарга карата издөө жарыяланды. Социалдык тармактарда тараган видеоматериалдарга түшүп калган төмөндөгү адамдар изделет. Ички иштер органы кайдыгер эмес жарандарды сүрөттөгү жүздөрдү табышууга чакырат.

“Милиция кызматкерлери видеого түшүп калган айрым адамдардын өздүгүн аныктады. Бардыгы мыйзам чегинде кылмыш жоопкерчилигине тартылат”, –деп айтылат маалыматта.

 

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь