Бишкек шаарында болуп өткөн башаламандык баш калаага 109 миң 826 сом чыгым алып келди. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

«Ала-Тоо» аянтында жашыл арча дарагы өскөн бетон тумбалардын жыгач жасалгалары сынып, гүлдөр тебеленип, 6 фотостенддин айнеги  жана тротуарлардагы брусчатка талкаланган. 84 темир тосмо жарактан чыгып, чыгымы 30 миң 200 сомду түздү. Мындан тышкары, органикалык айнек да сынган. Аны калыбына келтирүү үчүн 53 миң 536 сом керек.

Шабдан Баатыр  (Көк-Жар кчр.) көчөсүн бойлой 25 метрлик аралыкта темир коргондор бузулган– 7 миң 500 сом. Үч евроконтейнердин чыгымы 4680 сом, газондордуку 6840 сом болду, ага кошумча 2 640 сомдук бир жылдык гүлдөр зыянга учураган. Ал эми элдин өзүнөн калтырып кеткен таштандысын чыгарууга муниципалитет 3500 сом жумшады.

Ал эми Абдрахманов жана Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишинде “Коопсуз шаар” камералары талкаланган.

Белгилүү болгондой, мэр А.Суракматов укук коргоо органдарына жардамга жүргүнчү ташуучу автобустарды жөнөткөн.  Түнкү окуялардын натыйжасында 29 даана эски муниципалдык автобустун терезелери, күзгүлөрү талкаланган, бир тобунун темир каркасы кыйшайып калды.  Алардын чыгымы эсептелинген жок.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: