Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапкерлери Алга Кылычев жана Амантур Жамгырчиев Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоо жайына камакка алынды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, ИИМдин Тергөө кызматы 7-августтагы Кой-Таш айылындагы башаламандык жана УКМК кызматкерлерин барымтага алуу фактысы боюнча сотко чейинки териштирүү жүргүзүлүүдө. Анын алкагында, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин бир нече тарапкери суралды. Алардын арасынан КСДПнын штабынан өкүлдөрү Алга Кылычев жана Амантур Жамгырчиев убактылуу кармалды.

Алга Кылычев Социал-Демократиялык партиянын мүчөсү, буга чейин “Сакчы” деп аталган элдик кошуундун башчысы катары өзүн тааныштырып жүргөн. Ал эми Амантур Жамгырчиев болсо 2010-жылдагы Апрель окуясында жабыркагандар түзгөн “Айкөл Ала-Тоо” бирикмесинин башчысы деп айтылып келген.

https://www.azattyk.org/

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: