9-августта, Тбилисиде мелдештин финалдык бөлүгү өтмөк. Анда 60 килограмм салмакта кыргызстандык балбандар Каныбек Жолчубеков менен Жоламан Шаршенбеков күч сынашмак.
Бирок кыргызстандыктар бирине-бири каршы күрөшүүдөн баш тартып, жаш спортчу Шаршенбеков 30 жаштагы Жолчубековго жеңилип бергенин билдирген.
Каныбек Жолчубеков Тбилиси (Грузия) шаарында өткөн эл аралык турнирде жеңүүчү аталды.