Кадамжайда эл аралык баңгизат ташылган трансулуттук каналдын жолу буулду. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын маалымат катчысы Дамира Юсупова билдирди.

Кадамжай РИИБне Үч-Коргон айылында мөмө-жемиштерге жашырып баңгизатын Россияга, андан ары Европага жөнөтмөкчү болгон жарандар тууралуу ыкчам маалымат келип түшкөн.

Кара-Көл ШИИБдин жол коопсуздук кызматы менен Кадамжай РИИБдин кызматкерлери биргеликте иш алып барып, Volvo үлгүсүндөгү унаа Кара-Көл шаарынан токтотулуп, Кадамжай РИИБдин тергөө кызматына алынып келген.

Унаанын айдоочусу 19 тонна шабдалы, кара өрүк, алмурут жүктөгөнүн жана аны Россияга алып барарын айткан.

Милиция кызматкерлери автоунааны тинткен учурда мөмө-жемиштердин арасынан 93 даана брикет, алдын ала салмагы 44 килограмм 300 грамм болгон зат табылып алынган. Ага тиешелүү экспертизалар дайындалып, ал 999 түрүндөгү героин экендиги аныкталды. Жүктүн ээси Баткен облусунун Лейлек районунун тургуну экени аныкталып, ага издөө жарыяланды.

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: