Москвада соңку сегиз жылдан берки эң масштабдуу митинг өттү (ВИДЕО)

79

Дем алыш күндөрү Орусия баш калаасы Москвада соңку сегиз жылдан берки эң масштабдуу митинг өттү. Каршылык акциясына он миңдеген кишилер келди.

Митингден кийин чогулгандардын бир бөлүгү президенттик администрацияны көздөй жөнөшкөн. Бирок милициянын атайын күчтөрү тарабынан күч менен таратылды. Полиция эки жүздөй кишини кармаганы белгилүү болду.

Би-Би-Си кыргыз кызматы жазгандай, 2011-жылы Болотная аянтында өткөн акциялардан бери мындай саясий жүрүш боло элек болчу.

27-июлдагы митингден кийин “массалык башаламандык уюштуруу” беренеси менен көп кишиге кылмыш иши козголгон. Анда уюштуруучулар деген шек менен 13 киши кармалган эле. Бирок ошого карабастан бул жолу да коркпой-үркпөй он миңдеген кишилер каршылык жүрүшүнө келип кошулду.

ММКлар ишембидеги митинг бардык көрсөткүчү боюнча – чогулгандар саны, тематикасы, географиясы боюнча дагы масштабдуу болгонун жазууда. Анын чордонунда көбүнчө 20дан 35 жашка чейинки жаштар болушту.

“Коммерсант” басылмасы ишембидеги митингдин резолюциясы ультиматум тилинде болгонун жазды. “Эгерде көз карандысыз талапкерлер катталбай турган болсо, биз 8-сентябрдагы шайлоо тыянактарын жокко чыгарууну талап кылабыз”,-деп айтылган кайрылууда.

Митингдер бир айга чукул убакыттан бери уланып жатат. Буга Москванын думасына болгон шайлоого оппозициялык талапкерлердин катталбай калышы себеп болгон.

27-июлдагы жана 3-августтагы митингдер уруксатсыз өтүп, эки миң үч жүздөй киши кармалган. Орусиянын Тергөө комитети “массалык башаламандык” беренеси менен кылмыш ишин козгогон эле.

Оппозициялык маанайдагы талапкерлердин көбү камакка алынып, ушул берене менен айып тагылууда. Оппозиция лидерлеринин бири Алексей Навальный 30 суткага камалды.

Орусия бийлиги нааразылык жүрүштөрүн “сырттан каржыланган” деп айыптап келүүдө.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь