7-август күнү Ош облусунун Чоң-Алай районунда Түндүк Кымыздык мөңгүсүнө Россиядан келген туристтер эс алганы барышкан.
Мөңгүдөн түшүп келе жатып 1988-ж.т. аял киши бутун сындырып алган. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан кабарлады.
11-август күнү ӨКМден 7 куткаруучу Карамык заставасынан Түндүк Кымыздык мөңгүсүн көздөй чыгып кетишип, 12-августка караган түнү саат 01:00дө жабыркаган жаранды Дароот-Коргон айылына алып келишкен. Саат 10:00 чамасында Ош шаарын көздөй жолго чыгышкан.