Чүй облустук милициясынын башчысы Самат Курманкуловду дарылоону улантуу үчүн Москвага алып кетишти. Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун директору Сабырбек Жумабеков «Азаттыкка» берген маалыматында,  Курманкулов дагы эле кома да жатат.

11-августта Бишкекке Москвадагы Бурденко борборунан нейрохирург жана реаниматолог чакыртылып, алардын катышуусу менен консилиум өткөрүлгөн. Анын жыйынтыгында Курманкуловго кайрадан нейрохирургиялык операция жасоонун кереги жок деген чечим кабыл алынган.

Ошондой эле бейтаптын дарылануусун мындан ары Москвадагы Бурденко атындагы Нейрохирургия борборунда улантуу жөнүндө чечим чыккан. Жумабеков Москвада эми полковникти комадан чыгарууга аракети көрүлөрүн айтты.

Самат Курманкулов 7-августта Кой-Ташта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы учурунда жараат алган.

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: