Жаан карга айланат…Өлкөдө аба ырайы кескин өзгөрөт

109

Кыргызгидромет борборунан билдиргендей Кыргызстанда аба ырайы кескин өзгөрөт.

Билдирүүгө ылайык, 14-15-август күндөрү жана 16-августта түнкүсүн Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

15-августта күндүз жана 16-августта түнкүсүн бийик тоолуу райондордо жаан карга айланышы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 17-22 метрге жетиши күтүлөт. Абанын күндүзгү температурасы кескин төмөндөйт.

Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь