“Негиздер болсо камасын, мен даярмын” Абдил Сегизбаев сурак берүүгө кирип кетти

156

Бүгүн, 13-августта УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев ИИМге сурак берүүгө келди. Ал 7-8-августтагы Кой-Таштагы окуя боюнча суракка чакырылгандыгын белгиледи.

Ошондой эле, бүгүн УКМКнын башчысы Орозбек Опумбаевдин “Сегизбаевди эч ким аткан эмес, чалынып жыгылып кетсе керек” деген маалыматын Сегизбаев өзү четке кагып, бутума ок тийгендиги чын дейт.

“Абдил Сегизбаевдин, Улан Исраиловдун кишилери бизге маалымат берип турган деген сөз калп. Кызматтан кеткениме 1 жарым жылдан ашып калды. Ошондон бери бир дагы күч түзүмдүн балдары менен жолуккан жокмун. Атайын жолуккан жокмун. Алар иштеш керек. Маалымат алып же берген жайым жок. Сегизбаевдин адамдары жок. Мен иштеп турганда сырттан бир дагы адамды Сегизбаевдин адамы деп алып келген жокмун. Тергөө кандай чечсе, камайбыз дешсе камашат. Негиздер болсо камасын, баарына даярмын”,– дейт Сегизбаев.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь