Чүй ОИИББнын башчысынын милдетин аткаруучу болуп Сапар Асаналиев дайындалды

163

Чүй областык ички иштер башкы башкармалыгынын башчысынын милдетин аткаруучу болуп Сапар Асаналиев дайындалды.  Ал мурда ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын башчысы болуп иштеп жүргөн. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Эске салсак, 7-8-августтагы окуяда Чүй ОИИББдин башчысы Курманкулов Самат Ажыгулович башынан оор жаракат алган. Учурда Москва шаарындагы ооруканада даарыланууда.

Курманкулов Самат Ажыгулович толук сакайып кеткенге чейин Чүй ОИИББдин башчысынын милдетин убактылуу аткаруу Сапар Асаналиевге жүктөлдү.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь